Сүйүнбек Касмамбетов: парламенттик башкаруу болгондо Эдил Байсалов дароо отставкага кетмек

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Кабар” маалымат агенттигине маек берип, министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов менен ЖК депутаттарынын пикир келишпестиги боюнча комментарий берди.

Касмамбетовго, “депутаттар президентке Эдил Байсаловду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунушун жөнөтүшкөн, өлкө башчы кандай чечим кабыл алат деп ойлойсуз?” деген суроо узатылган.

Мамлекеттик катчынын айтымында, 2010-жылдан 2020-жылга чейин парламенттик башкаруу болду.

  • “Өкмөттүн курамын өздөрү тандашчу. Премьер-министрден баштап, баардык министрлерди депутаттар кызматка коюп келишти. Облус, район, айыл өкмөттөргө чейин депутаттар койгон учурлар болду. Ошентип он жыл парламент депутаттары өлкөгө кожоюндук кылып келишти. 2020-жылы башкаруу сиситемасы түп тамырынан бери алмашып, өлкөгө президенттик башкаруу орноду.
  • Депутаттар мыйзам чыгарып, алардын аткарылышын гана көзөмөлдөгөн органга айланды. Бирок депутаттар мурдакы көнүп калган адаттарынан кете албай жатышат. Чарба иштерине чейин аралашып кеткен учурларды көрүп жатабыз. Бул жерден «Өкмөттүн чарбалык иштерине аралашпагыла», — деп Эдил Байсалов туура айтты. Анткени чарбалык иштерди өкмөт аткарыш керек. Жылына бир жолу келип Жогорку Кеңешке отчет берип турушат” – деди ал.

Мамлекет катчы Эдил Байсаловду кызматтан кетсин деп кабыл алынган токтом боюнча президент өзү чечим кабыл аларын белгиледи.

“Кетирсе да өзү билет, кетирбесе да өзү билет. Азыр башкаруу системасы башка. Мурдакыдай парламенттик башкаруу болгондо Эдил Байсалов дароо отставкага кетмек. Азыр президенттик башкаруу. Депутаттар мурдакы заманды унутуш керек. Баары дегенден алысмын, айрым депутаттар жеке иштери менен эле министрлерди чакыра беришет. Кадр коюп берүү же жеке иштерин чечип берүүсүн талап кылышат. Ошентип министрлердин көп убактыларын алып коюп атышат. Министрлерди жылдык отчётто гана чакырышса туура болот”, — деди Касмамбетов.