Аттестат ала албай жаткан 84 окуучунун ата-энеси президентке кайрылды

Бүгүн, 17-июлда “Ай Кью” мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Алар президент Садыр Жапаровго, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жолдоп, аттестат маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

Окуучулардын биринин апасы Айгүл Жанышбаева министрлик менен менчик мектептин чырынын айынан окуучуларга кыйын болуп жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө 84 бала ыйлап жатат. Биздин колубузга аттестатты берип койсо болмок. Андан кийин министрлик менен “Ай Кью” мектеби ич ара ызы-чууларын чечишип алышсын»,-деди Жанышбаева.
360186312 574360514651477 6163817011988752635 n 1024x576 1 Аттестат ала албай жаткан 84 окуучунун ата-энеси президентке кайрылды
«Менин балам ушул “Ай Кью” мектебинде билим алды. Жаман окуса бир жөн, балама жүрөгүм ооруп жатат. ЖРТдан жогорку балл алып, окуу жайга өткөн. Министрге барып, 8 саат күттүк, конкреттүү жооп болбой жатат. Аргасыз Садыр Нургожоевичке келдик»,-деди Арстанбек Чомоев.