Жээнчороевдин талапкерлиги Акыйкатчы кызматына сунушталды

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Мирлан Жээнчороевдин талапкерлиги Кыргызстандын Акыйкатчы кызматына сунушталууда. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Жээнчороевдин талапкерлигин анын тажырыйбасын жана күчтүү юрист экенин эске алуу менен үч фракция биргелешип, чечим кабыл алып сунуштап жатабыз. Бир фракцияга эмес жалпы элге иштесин деген ниетте тандадык», — деди депутат.

Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин «Альянс», «Ынтымак» фракциялары жана «Элдик» депутаттык тобу колдогон.

Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карап, көпчүлүк добуш менен Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу чечими кабыл алган.