Дайырбек Орунбековду иштен алууну суранган жарандарга басым болуп жатат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына басым болууда. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Буга чейин Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Орунбековду кызматтан алуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылган.

Кайрылууда айтылгандай, Орунбеков 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыккан чырда Ак-Сай айылынын тургуну Жеңиш Дубанаевди күнөөлүү кылып көрсөтүп, мас абалында болгон деп жазган.

Алар билдиргендей, Орунбековдун «Фейсбуктагы» постунан кийин Тажикстандын «Телеграм» каналдары, соцтармактары ал билдирүүгө таянып, чырды кыргыз тарап баштаганын, аны президенттик администрациядагы адам ырастаганын жана кыргыз тарап чырды «дайыма биринчи баштайт» деп жазышууда.

Ага байланыштуу Ак-Сайдын тургундары президенттен Орунбековдун кечирим суроосун жана кызматтан алуусун суранууда.

«Сизден суранабыз, Дайырбек Орунбеков такталбаган, бир тараптуу маалыматты тарткандыгы үчүн кечирим сурасын, ал адам бул жумушту аркалаганы моралдык укугу жок, жумуштан кетсин. Жеңиш Дубанаевдин жана анын жубайы Толгонайдын аброюн калыбына келтирүүгө жардам бериниз! Анткени Жеңиш Дубанаевдин бир тууган агасы Баткен согушунда кыргыз элин, жерин коргоймун деп курман болгон», — деп жазылган катта.

1435085.69c2394b7d2a26656c0c8d102a2744a1 Дайырбек Орунбековду иштен алууну суранган жарандарга басым болуп жатат

image 31 2 Дайырбек Орунбековду иштен алууну суранган жарандарга басым болуп жатат
bir Дайырбек Орунбековду иштен алууну суранган жарандарга басым болуп жатат
363384898 2386916234803696 7552887321301639665 n Дайырбек Орунбековду иштен алууну суранган жарандарга басым болуп жатат