“Орунбеков айткан сөздөрүнө жооп берсин”: Ак-Сай айылынын тургуну чек арадагы окуя боюнча маек берди

КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков чек арадагы окуяда таш ыргытып кыргызстандык биринчи баштаганын жазып, бирок бир саттан кийин өчүрүп койгон. Тактап айтканда, ал:

«Ворух тараптан Аксай айылы аркылуу 9 машина (ЗАГСтан) келе жатышкан. Ошол учурда Кыргызстандын жараны — Аксай айылынын тургуну мас абалында тажик (жаранынын –ред.) унаасын токтотуп, таш менен уруп, айнектерин сындырып салган. Тажиктер унаадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан.

Жолугушуу болду. Күнөлүүлөр боюнча териштирүү болот. Учурда кырдаал тынч, жол ачык. Жол милиция кызматкерлери менен күчөтүлдү», — деп жазган Орунбеков.

Вulak.kg редакциясы Ак-Сайда көп жыл жашаган тургуну Бүбүсара Исакова менен байланышып, жооп издеди.

Саламатсызбы сиздин номуруңузду беришти эле, чек арадагы окуя боюнча сурайын дедик эле?

-Мен Исакова Бүбүсара Ишекуловна макул айтып берейин. Ак-Сай кичинекей бейиштей болгон айыл. Мен өзүм мугалиммин. ФАПта да иштегем. Баарыбыз бири-бирибизди жакшы билебиз. Ошол Жеңишбек деген бала аябай жакшы бала, ичпейт. Дайырбек Орунбеков президенттин маалымат катчысы чала-була, шашып берген маалыматты. Мунун бир тууганы акасы сентябрдагы жаңжалда өтүп кеткен. Анын бир тууганы эч күнөөсү жок эле өтүп кеткен. Акыркы болгон окуяда тажиктер жолун тосуп алды. Биз тажиктерди жакшы билебиз, Жеңишбек болсо жини келип таш менен урган. Муну билип-билбей эле Орунбеков ушунча жаман жазыптыр. Азыр окуп жаман болуп жатабыз. Бул баланы өзү таш менен уруп баштады деп. Кылмышкер дептир. “Өзү таш менен уруптур” деп жазган экен.

Муну биринчи тажиктер кысып жолун тосуп, биринчи баштаган. Аябай жиним келип жатат. Орунбеков кечирим сурасын. Биз абдан кыжаалат болуп, таарынып жатабыз. Ичкен адам бизде жок. Тажиктер менен ынтымакта жашап келгенбиз. Сабаттуу жигиттер жооп беришсин буга. Бейиштей болгон айылбыз, ичкен адамдар жокко эсе. Ооруканабыз бир, мектептерибиз бир. Азыр биздин өмүр бою жыйган нерселерден айрылып жатабыз. Президент уксун биздин үнүбүздү. Беш кызым турмушка чыкты, бир уулум Россияда. Беш бөлмөлүү турак жайым бар эле. Үйүмө дагы ок тийген, азыр мен Бишкекте качып жүрөм, чычкандай болгон эки неберем менен. Мага окшогон энелер ыйлап жүрөт. Ошол энелердин үнү бийликке жетсин. Кымбат батирлерде айласыздан төлөп жашап жатам, азыр айылга барайын десем корком. Кыштан биз эптеп чыктык, элдин акчасына. Орунбеков айткан сөздөрүнө жооп берсин. Биз эмнеге күнөөлүү боло беришибиз керек? Сабр, сабр, сабр деп жүрөбүз. Бүгүнкү күндө кыргыздарды “күңгүздөр” дептир эми ал абдан жаман сөз. Алар жазыптыр уурулар ,”воры” деп кыргыздарды. Орунбеков кызматын тапшырып берсин.

Ошол окуядан кийин президенттин администрациясынан жазбагыла, сүйлөбөгүлө дегендер болдубу?

Жок. Биз тааныйбыз ал Ворухтагы балдарды.

Биздин намысыбызга тийип жазып жатат. Биз абдан кыйналдык, Жарымдан төлөп беришсе болмок, Өкмөткө жетсин ушул биздин мүдөө-талаптар. Ак-Сай айылынын тургундарынын көбү намаз окуйт, эки мечит бар. Анан бул Орунбековдун айткандары такыр туура эмес. Биздин аброюбузга шек келтирди. Кечирим сурасын.

Социалдык тармактын колдонуучулары Ак-Сай айылынын тургундары Дайырбек Орунбековдун жазгандарын төгүндөп, мас абалында болбогонун билдиргенин жазышууда. Аны менен бирге алар Орунбековдун «чырды кыргыз жарандары баштаган» деген маанайдагы билдирүүсүн сынга алууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы берген маалыматка караганда, 24-июлда болгон чырды Кыргызстандын жарандары баштаган эмес. Маалыматка караганда, Баткендин Ак-Сай айылынын эки тургуну Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бараткан. Ошол маалда аталган жолдо 8 унаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы айылына бараткан тажикстандык жарандар алардын жолун кескен.

Натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чырды ырбатып жибербөө үчүн Кыргызстандын ИИМнин кызматкери жерине барган. Бирок Тажикстандын жарандары ага кол салган. Милиция кызматкери качып кетүүгө үлгүргөн. Коңшу мамлекеттин жарандары аны сабоого аракет кылып, унаасынын артты көрсөткөн күзгүсүн сындырган.

Окуядан кийин эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөн.

Эске салсак, Дайырбек Орунбеков КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп 2022-жылы август айында дайындалган.