Дайырбек Орунбеков Кемпир-Абад боюнча маалыматтарга жооп берди

Айрым жарандарыбыз, соцтармактарда “Кыргызстандын аймагы тарабындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине Өзбекстан туристтик эс алуу жайларын курат экен”-деген жалган маалыматтарды таратып жатышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында «Кыргызстандын аймагы тарабындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине Өзбекстан туристтик эс алуу жайларын курат» деген жалган билдирүүлөр тарап жатат.

Андай маалыматтарды таратуу менен бирге, элде нааразычылык маанай жарата турган чакырыктарды кылышууда. Булар, кайсы бир саясий топтордун жана саясатчылардын тарапташтары. Атайын чагымчыл маалыматтарды жайылтуу менен, өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууну көздөшүүдө», — деп, ал эч кандай эс алуучу жайлар, курорттук аймактар курулбайт.

Орунбеков ошондой эле келишимде көрсөтүлгөн нормалар бузулбай сакталарын кошумчалады.

Суу сактагычтын платинасын башкаруу теңме-тең эки өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кыргызстан тараптагы аймактын жашоочулары сууну колдонуу, сууга түшүү жана пайдалануусуна чектөө болбойт.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси элдин пикирин бузуу максатында жалган маалымат таратып жаткандарды чагымчылдык кылбоого чакырды.