Активист Эмил Бекиев 6 жылга эркинен ажыратылды

Былтыр сентябрь айында кармалган активист Эмил Бекиев алты жылга соттолду. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Белгилүү болгондой, иш Биринчи май райондук сотунда каралып, өкүм 2-июнда чыккан.

Бекиев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык баш аламандыктарга чакырыктар), 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылган. Жаза мөөнөттөрүн жарым-жартылай бириктирүү менен ал 6 жылга соттолгон.

Анын жаза мөөнөтү 2022-жылдын 7-сентябрынан тарта саналат. Сот өкүмү чыкканга чейин тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелинет.

Өкүм менен макул эмес тараптар 30 күн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрыла алышат.

Эскерте кетсек, Эмил Бекиев былтыр Москвада Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Кыргызстанга 7-сентябрда депортацияланган. Ал Ысык-Көлдөгү аэропорттон УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен.

Бекиев — соцтармактарда бийликке сын айтып келген активисттердин бири. Акыркы жылдары Россияда жашап жүргөн.

Ал 2021-жылы январь айында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Москвадагы элчиликтин алдында жалгыз пикетке чыккан.