Бишкекте түнкү жарышка байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

Бишкекте 17-июнь күнү KFC Night Run аттуу кечки жарым марафон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарыш саат 20:00дө башталып, Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт. Жарым марафондун катышуучулары тандаганына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат.

Жарым марафондун жүрүшүндө негизги жарыш маршруту боюнча саат 20:30дан 00:00гө чейин бир катар көчөлөр жабылат:

Валиханов көчөсү — Анкарадан Чүй проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);

Чүй проспекти — Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин (батыштан чыгышка).

Жол кыймылы үчүн бир гана тилке ачык болот. Уюштуруучулар айдоочуларга абалды түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландап алууларын суранышат.

1655793415 image 21 06 22 11 09 Бишкекте түнкү жарышка байланыштуу айрым көчөлөр жабылат