Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын бир жараны кармалды

УКМК берген маалыматка ылайык6 Кыргызстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналына бөгөт коюлду.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети контрчалгындоо иштерин уюштуруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталып, токтотулду.
      Ушул жылдын 3-июнунда КР УКМК чек ара кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/а "Кум" чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Өзбекстан Республикасы тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн (чек ара көзөмөл пунктунан тышкары) Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды", - деп айтылат маалыматта. 

       Ошондой эле, көрсөтүлгөн убакытта Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча жогоруда аталгандарга ортомчулук кызмат көрсөткөн 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. кармалган, ал, аталган чет элдик жарандарды Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөк көрсөтмөк. 
       Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
59545220 02d0 4e00 9f0b 728ee8b21d7c Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын бир жараны кармалды
a0c3ce8d b133 46fc a1c9 ace6abdffab0 Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын бир жараны кармалды
afe68ac6 eccc 4fad 9442 21c0a5983bc7 Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын бир жараны кармалды
def3828c 62f6 4b12 baaf 30219c1dc04e Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын бир жараны кармалды
f17cd068 0169 4854 ab3e a9d0b6970e44 Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын бир жараны кармалды