Эс алуучулардын коопсуздугу милиция тарабынан көзөмөлдөнүүдө

Ысык-Көлгө эс алууга келген жарандардын коопсуздугу милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Күзөт кызматы, аймактагы милиция кызматкерлери Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кайгуул иштерин жүргүзүүдө.

«Бул багытта ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, жарандарга сылык мамиле жасоо, жүрүм-турум сактоо боюнча саптык нускамалар өткөрүлүп, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар коюлган. Эс алуу күндөрү  «Алтын Балалык», «Ала-Тоо», «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайларында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери жарандар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, жарандар милиция кызматкерлеринин ишине ыраазы болушуп, алкыштарын айтышкан.

74d42a3a 3747 4529 9f49 15d91eb8282e Эс алуучулардын коопсуздугу милиция тарабынан көзөмөлдөнүүдө
4f053685 698a 49d9 950f f584893b972f Эс алуучулардын коопсуздугу милиция тарабынан көзөмөлдөнүүдө
0a7f7ffc 207d 43dc ab8c a68b603eb926 Эс алуучулардын коопсуздугу милиция тарабынан көзөмөлдөнүүдө