Таласта ипотекалык негизде көп кабаттуу үйлөр курулат

Бул тууралуу “Альянс Алтын” компаниясынан билдиришти.

 Маалыматка караганда, КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Жерүй кенине барды. Кенди иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, жакындан таанышты. Облус башчысын кенде иштеген жумушчу күчү, түзүлгөн шарттар жана экологиялык коопсуздук боюнча бүгүнкү абал кызыктырды.

 “Жерүй кениндеги Талас алтын кен комбинатынын, алтын ылгоочу фабрикасы, өндүрүштөн чыккан калдыктардын сакталуучу жайы менен таанышкан облус башчысы,  «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгүнүн артында облуска ири суммадагы каражаттар бөлүнүп, бир катар долбоорлор ишке ашып жатканын айтып, эми жакын арада облустагы өнүктүрүү фонддору, Президенттин иш башкармалыгы жана мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте Таласта ипотекалык негизде көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча маселе каралып жатканын билдирди.

Талас облусунда Жерүй алтын кени иштеп баштагандан тартып, облустук, райондук, Бекмолдо айыл өкмөттүк өнүктүрүү фонду түзүлүп ага өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен бүгүнкү күнгө чейин 875 миллион сомдон ашык каражат которулган”, – деп айтылат маалыматта.

 Облус башчысын экологиялык маселе кызыктырып, калдык сактоочу жайдын абалы менен дагы таанышып чыкты. Компания өндүрүштөн чыккан калдыктарды кайра иштетүүгө аракет көрүп, КРнын улуттук илимдер академиясы менен иштешип  жатканын, азыр илимий изилдөөлөрдүн акыркы этаптары калганын билдирди. Окумуштуулардын изилдөөсү оң натыйжа бере турган болсо анда өндүрүштүн калдыктарынан курулуш материалдарын жасоого болоору айтылды.

Талас алтын кен комбинатынын башка фабрикалардан өзгөчөлүгү, өндүрүштөн чыккан калдыктар 20 пайыздагы нымдуулук менен чыгарылып, эң коопсуз деп эсептелине турганын компания билдирип келет.

«Альянс Алтын» компаниясы кенди иштетүүдө экологиялык коопсуздукту камсыздоону башкы орунга койгон. Андыктан экология боюнча көзөмөлдү компаниянын өзүндөгү экологдор, жеке менчик коомдор жана ошондой эле мамлекеттик мекемелер дагы көзөмөл кылышат. Кендин аймагына облус башчысы бирге КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекназар Ашымов дагы келген. «Биз ар дайым кендин аймагындагы экологияга көзөмөл кылып турабыз. Ар дайым бул жака чектеш жайгашкан айылдардын суусуна, абасына текшерүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Айрыкча жаз мезгилинде өзөндөрдүн суулары кирген маалда, баардык эле агын суулар кирдейт. Биз аны дагы текшерип туруп, табыгий көрүнүш экенин жергиликтүү тургундарга да жеткирип турабыз», – деди Ашымов. Эске сала кетсек, жалпы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында компания иш жүргүзгөн сегиз жылдын аралыгында экологияга терс таасирин тийгизген көрүнүштөр катталган эмес.

Облус башчысына кен тууралуу бардык маалыматтарды компаниянын кызматкерлери айтып беришти. Учурда «Альянс Алтын» компаниясында 839 адам эмгектенсе, жалпы кендин аймагында 1400дөй адам иш менен камсыз болушкан. Кызматкерлердин басымдуу бөлүгү Талас облусунун тургундары. Компания 2021-жылдын март айында алтынды өндүрүп баштаган. «Альянс Алтын» ЖЧКсы түзүлгөндөн тартып 2023-жылдын июнь айына карата мамлекетке 12 миллиард сомго жакын каражат которгон. Анын ичинде өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттын суммасы 8 миллиард сомду түздү.

9ea1f37d 6146 4d5d 8773 72c10d7583ba Таласта ипотекалык негизде көп кабаттуу үйлөр курулат
0a5342e3 d22a 4e0b 8c49 daa700f5cc38 Таласта ипотекалык негизде көп кабаттуу үйлөр курулат
ffcc0c18 a486 44ab bcc3 919937a6a8de Таласта ипотекалык негизде көп кабаттуу үйлөр курулат
b8f3666a 30ab 4d75 829b 333d8a5f304b Таласта ипотекалык негизде көп кабаттуу үйлөр курулат
f441ddd2 51d7 4e09 a187 726fb285b39a Таласта ипотекалык негизде көп кабаттуу үйлөр курулат