Баткен облусуна караштуу Суу-Башы, Кыштут айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары келип, ӨКМ кызматкерлери жана район акими, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Баткен райондук Жарандык коргонуу башчысы-акимдин буйругу менен Өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, тиешелүү кызматтар өз тармагында кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
![353828772 645598717612858 2204146975062252205 n Баткендеги эки айылга өзгөчө кырдаал жарыяланды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/06/353828772_645598717612858_2204146975062252205_n.jpg)