Айдарбеков: “чуулгандуу мыйзамдар кабыл алынса, кайрымдуулук фонддордун да иши токтойт”

Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамы менен “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору жарандык коом менен мамлекетке чоң зыян алып келет деген шектенүүлөр бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

«Тегерек столдун күн тартибинде турган маселе өтө өзөктүү. Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам менен ЖМК мыйзамы кабыл алынса жарандык коомго жана мамлекетибизге чоң зыян алып келет деген шектенүүлөр бар. Ошол себептүү эки мыйзам долбоорунун редакциясын сиздер менен биргеликте ийне — жибине чейин иликтеп, тийиштүү органдарга чейин жеткиребиз. Баса белгилеп айте кетүүчү нерсе, аталган мыйзам кабыл алынса, кайрымдуулук фонддордун да иши токтойт»,-деди Айдарбеков.

Бишкекте «Кыргызстандагы сөз эркиндиги жанагы адам укуктары: Мыйзам демилгелеринин коркунучтары» аталышындагы тегерек стол өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана медиа эксперттер катышты.