ВИДЕО: “Коррупцияга каршы элдик кыймылынын” өкүлдөрү кармалды

“Коррупцияга каршы элдик кыймыл” коомдук бирикмесинин төрагасы К.А.С. жана аталган коомдук бирикменин Чүй облусу боюнча координатору С.К.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 12-июнунда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Уюшкан топ тарабынан опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Коррупцияга каршы элдик кыймыл” коомдук бирикмесинин төрагасы К.А.С. жана аталган коомдук бирикменин Чүй облусу боюнча координатору С.К.М. кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Бул адамдар текшерүүчү органдар тарабынан текшерүүлөрдү уюштурабыз деп коркутуу менен системалуу түрдө опузалоо менен алектенишкен. Коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, К.А.С. жана С.К.М. курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тендерин утуп алган экономикалык ишкерлик жүргүзүүчү субъекттердин биринин өкүлдөрүнөн 700 миң сом өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган. Ошол эле учурда кармалгандар опузаланган акчанын 70 миң сомун банктык которуу жолу менен алышкан.

Белгилей кетсек, кармалган К.А.С. 2023-жылдын февраль айында ушул сыяктуу кылмышты жасагандыгы үчүн 20 000 сом алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле учурда, соттун чечими менен ал үй камагына бошотулуп, 2023-жылдын 12-апрелинде 20 миң сом айып салуу өкүмү чыккан. Бул жагдай Чүй облусунун Кемин районунун тургундарынын нааразычылыгын жаратып, алар К.А.С. мыйзамдын күчөтүлгөн тартибинде жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен Президентке, Башкы прокурорго жана УКМКнын төрагасына ачык кайрылышкан.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо иштерин улантууда.

skrinshot 13 06 2023 174454 ВИДЕО: "Коррупцияга каршы элдик кыймылынын" өкүлдөрү кармалды