ВИДЕО: Орусияда мигранттар ортосунда массалык мушташ катталды

Орусиянын Иркутск облусундагы Кавыкты кен казуучу жайында тажик менен кыргыз жумушчулардын ортосунда массалык мушташ катталды.

Мушташ ашканага кезектин жаралышы себеп болгон. Базанын берген маалыматында, окуя 23-июндакатталып, мушташка 300 адам катышкан. Натыйжада төмөнкүлөр оор жаракат алышкан:

Маматов А., 31 жаш: башынан жаракат алган
Чоршанбиев Ф., 44 жаш: ЗЧМТ, СГМ.
Нормуратов М.: баш-мээси чайкалган, башынан жаракат алган.
Алмазбеков А.: өпкө боорунан.
Билалов А.: ЗЧМТ, СГМ.
Сайдалиев Б.: башынан көптөгөн жаракат алган.
Атырбеков Б.: башынан көптөгөн жаракат алган.
Сафаров Д.: башынан көптөгөн жаракат алган.
Искандарм М.: башынан көптөгөн жаракат алган.

Учурда полиция тарабынан мушташка катышкандар менен тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүп жатат.