Алкоголдук тесттен өтүүдөн баш тарткан айдоочу кайгуул кызматкерлери менен чырдаша кетти

Бишкекте Porsche Panamera унаасынын айдоочусу канынан алкоголдук анализ тапшыруудан баш тартты. Мындан улам айдоочуну инспекторлор наркология борборуна күч менен жеткирүүгө аргасыз болушкан.

Чырга айдоочунун достору да кошулушкан. Натыйжада айдоочу текшерүүдөн өттү, анын канынан спирт бар экени белгилүү болгон.

Окуянын видеосу кайгуул кызматынын расмий соцтармактагы баракчасына жарыяланган. Оператордун айтымында, айдоочу ушунча убакыттан бери кимдир бирөөгө телефон чалып, кое берүүсүн талап кылган. Тартип бузганга протокол түзүлдү.

Screenshot 20230625 200648 Messenger Алкоголдук тесттен өтүүдөн баш тарткан айдоочу кайгуул кызматкерлери менен чырдаша кетти