Бир жумада жол эрежелерин одоно бузган 5 380 эреже бузуучулар аныкталды

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын январь айдын 13-күнүнөн 19-күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 5380 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:

  • 37 Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
  • 27 Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүү;
  • 43 транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкаруусу;
  • 124 Жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
  • 1146 Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  • 3328 башка бузуулар;
  • 675 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.

  • Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.