Эксперттик-криминалисттик тармакта 30 жылдан ашык кызматын өтөгөн Канат Иманалиевди ардактуу эс алууга узатышты

ИИМдин Криминалистика кызматынын ѳздүк курамы ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген, Криминалистика кызматынын начальниги кызматын аркалаган милициянын полковниги Канат Иманалиевди салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты.

WhatsApp Image 2023 01 23 at 08.20.04 1 Эксперттик-криминалисттик тармакта 30 жылдан ашык кызматын өтөгөн Канат Иманалиевди ардактуу эс алууга узатышты


Ардактуу эс алууга кетип жаткан Кайрат Иманалиев милициядагы ишмердүүлүгү тууралуу кыскача токтоло кетти. “Өз ишимди 1991-жылдын июль айында Октябрь РИИБнин эксперттик-криминалистикалык тобунун техник-криминалисти кызматынан милициянын ага сержанты наамында баштадым эле.


Кызматтын бардык тепкичтерин басып өтүп, 2007 – 2022-жылдардын май айына чейин ИИМдин Криминалисттик кызматын башкардым, милициянын полковниги наамын 2010-жылы мөөнөтүнөн мурда алгам.
ИИОнун криминалисттик бөлүкчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн колдоо боюнча менин жеке демилгем менен программалык долбоорлор даярдалып, бир катар эл аралык уюмдар тарабынан каржылык колдоо тапкан. ЕККУ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгы, Кыргызстандагы АКШнын өкүлчүлүгү, Россиянын ИИМи, Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин жана Түркиянын улуттук полициялары менен биргеликте криминалисттик бөлүкчөлөрүн материалдык-техникалык, илимий-усулдук жактан камсыздоого көзгө көрүнөөрлүк жардамдар көрсөтүлүп, ошону менен бирге илимдин жана техниканын заманбап жетишкендиктери эксперттик-криминалисттик ишмердүүлүктүн бардык багыттары боюнча киргизилди жана өздөштүрүлдү.
Республиканын масштабында бирдиктүү “Сонда” автоматташтырылган дактилоскопиялык идентификациялык тутум кылмыштарды изилдөөдө жана ачууда дактилоскопиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын бир нече эсеге жогорулатууга, жарандын өздүгүн таанууга, таанылбаган өлүктөрдүн өздүгүн тактоого чоң өбөлгөлөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

“Таис” автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык тутум баллистикалык обьектерди чоң маалыматтык базалар менен натыйжалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берип, изилдөөлөрдү ийне-жибине чейин карап, салттык ыкмалар менен салыштырганда чечим чыгарууда убакытты үнөмдөөгө өбөлгө түздү.
Өз демилгем менен, мамлекеттин каражатын кетирбей, техникалык жактан камсыздалууну жогорулатуу жана кызматты уюштуруу боюнча кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн криминалисттик бөлүмчөлөргө демөөрчүлөлөрдүн жардамы менен 15 унаа алдыртып бердим. Эксперттердин эмгек шарттары белгилүү деңгээлде жакшырды. Иштеген мезгилимдеги жетишкен ийгиликтерим үчүн ИИМдин жана КМШнын ички иштер министрликтери тарабынан сыйлангам: Президенттин Жарлыгы менен “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн II даражадагы” медалы, мамлекеттик сыйлык катары берилген ок атуучу курал, ИИМдин Ардак грамотасы менен жана ондогон төш белгилер жана медалдар”,-деди Канат Иманалиев.

WhatsApp Image 2023 01 23 at 08.20.05 Эксперттик-криминалисттик тармакта 30 жылдан ашык кызматын өтөгөн Канат Иманалиевди ардактуу эс алууга узатышты


“Канат Иманалиевдин коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө айрыкча эксперттик-криминалисттик ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүңүздү көрсөтө алдыңыз. Көп жылдык тажрыйбаңызда татыктуу кадрларды тарбиялап, өздүк курам арасында бийик кадыр-баркка жана сыйга ээ болдуңуз. ИИМдин криминалистика кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз”–деди ИИМдин Криминалистика кызматынын начальниги, милициянын полковниги Александр Иванов.
Ушул эле күнү Канат Иманалиев менен кошо Криминалистика кызматынын ага инспектору, милициянын полковниги Тимур Бектемишовду да жаш курагынын жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга узатышты. Иш чаранын соңунда өздүк курамдын атынан салтка айланган чапан, калпак кийгизишип, баалуу белектерин тапшырышты.

WhatsApp Image 2023 01 23 at 08.20.04 2 Эксперттик-криминалисттик тармакта 30 жылдан ашык кызматын өтөгөн Канат Иманалиевди ардактуу эс алууга узатышты
WhatsApp Image 2023 01 23 at 08.20.05 1 Эксперттик-криминалисттик тармакта 30 жылдан ашык кызматын өтөгөн Канат Иманалиевди ардактуу эс алууга узатышты

ИИМдин Басма сөз кызматы