Троллейбус ишканасынын айдоочулары менен Кайгуул кызматы жыйын өткөрүштү

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын орун басары Айбек Джумагулов, Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Медер Шайкидинов, Бишкек шаардык Троллейбус ишканасынын троллейбус айдаган айдоочулары менен жыйын өткөрүштү. Жыйын өткөрүү максаты шаар ичинде жүргүнчү ташуу менен алектенген троллейбус каттамында жол кырсыктарын алдын алуу, жолдогу маданияттуулукту жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө айдоочулар менен жолдогу ыңгайсыздык жараткан учурларды жана жол эрежесине киргизилген өзгөртүү, толуктоолорду талкуулашты. Жол коопсуздугун алдын алууга багытталган иш-чара байма-бай жүргүзүлүүдө.
Урматтуу шаарыбыздын тургундары жана коноктору! Милициянын кайгуул кызматы, жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет: эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.

WhatsApp Image 2023 03 14 at 14.46.47 2 Троллейбус ишканасынын айдоочулары менен Кайгуул кызматы жыйын өткөрүштү
WhatsApp Image 2023 03 14 at 14.46.47 Троллейбус ишканасынын айдоочулары менен Кайгуул кызматы жыйын өткөрүштү