Президент ИИМ жетекчисине жол сакчыларынын ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров ИИМ жетекчилигине жалпы республика боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

“Бул чечим жол кыймылы эрежелерин бузуунун айрым түрлөрү үчүн айып пул өлчөмү көбөйтүлгөн тиешелүү мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу кабыл алынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык жосундарга жол бербөө үчүн ушул мыйзамдын талаптарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Ошондой эле айдоочулар арасында түшүндүрүү-профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди”, — деп жазды ал.

Султанбаев президент жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер тарабынан пара талап кылуу фактылары болсо, жарандарды ачык айтууга чакырганын маалымдады.

“Абийирсиз кызматкерлердин бардыгына тийиштүү чаралар көрүлөт”, — деп жазган президенттин басма сөз катчысы.