«Бахус» рейдинин жүрүшүндө унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 37 айдоочу аныкталды

Алдыдагы жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарындагы Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү.
Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 21-декабрынан 31-декабрына чейин Бишкек ШИИБнин МКККБнын кызматкерлери тарабынан «Бахус» аталышындагы рейд жүргүзүлүүдө.
Бул рейд жол кырсыктарын азайтуу жана жол кыймылынын эрежелерин одоно бузууларды аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

1547129.ee0c9201defc179165d7b32195550d5d «Бахус» рейдинин жүрүшүндө унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 37 айдоочу аныкталды


Рейддин жүрүшүндө 37 бузуу (айдоочунун алдыңкы эшиктеринин маңдайкы айнектери жана (же) каптал айнектери караңгылатылып башкаруусу) аныкталган.

image 42 «Бахус» рейдинин жүрүшүндө унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 37 айдоочу аныкталды


Эскертебиз, эгерде алдыңкы эшиктеринин, анын ичинде унаанын алдыңкы терезелерин караңгылатылган жана (же) капталдагы айнектери караңгылатылган транспорт каражатын башкаруу, ошондой эле, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз унаалардын терезелерине пардаларды колдонуу же айнектеринде караңгылатылган жабуу бар болгон учурда-жарандарга эсептик көрсөткүчтүн 200 (20 000 сом) эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 400 (40 000 сом) эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

1547117.f215732318d20b1339e2918308806bc4 «Бахус» рейдинин жүрүшүндө унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 37 айдоочу аныкталды

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы