Башкы прокурор: «Керемет банктын» ишинин алкагында Түркиядан эки жаран кармалды

«Керемет банктын» ишинин алкагында Түркиядан эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда өткөн маалымат жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

«Колго түшүрүлгөндөрдү Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатат. Тергөө иштери ийгиликтүү жүрүп жатат», — деди Зулушев.

Эске салсак, «Керемет Банкка” байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш иши алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери кармалганын кабарлаган.

Буга чейин «Керемет Банктын» төрагасынын орун басары камалганы белгилүү болгон.

Прокуратура ушул айдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.