Бишкекте муздун алдынан 7 жашар баланын сөөгү табылды

Фото иллюстративное

Бишкекте муздун астына түшүп кеткен 7 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь районунун С.Каралаев көчөсүндө каналдагы муздун алдына 2016-жылы туулган К.У. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

Жерине 11 куткаруучу, ыкчам топ тартылып, баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.