ИИМдин Күзөт кызматында жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер ант беришти

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин ант берүү аземи өткөрүлдү. Кызматкерлер жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, мыйзамдуулукту сактай тургандарын айтышып, кесиптештеринин алдында ант беришти. Салтанаттуу иш–чарага ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.


Андан сырткары, алдыда келе жаткан майрамга утурлай кызматта өз милдеттерин так, чынчыл аткарган, коомдук коопсуздукту камсыздоодо ийгиликке жетишкен кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.
ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун командири милициянын полковниги Талантбек Раимбеков өзүнүнүн куттуктоо сөзүндө жаш кызматкерлерге берген анттарына бекем туруп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө тайманбастыгын көрсөтүп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга салымын кошуу жөнүндө насаат сөздөрүн айтып, куттуктады.

8edecd07 d17a 4a57 a34e 9456fe30f14d ИИМдин Күзөт кызматында жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер ант беришти
b74a0c35 c4b7 4980 9af6 c4959cb18b36 ИИМдин Күзөт кызматында жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер ант беришти