ВИДЕО: УКМК эки салык кызматкерин пара менен кармады

Чүй облусунда Кемин районунун салык кызматынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун салык кызматынын көзөмөл жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Ж. жана аталган бөлүмдүн инспектору С.А.Т. 28-августта 200 миң сом пара алып жатканын жеринен колго түшүрүлгөн.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

screenshot 9 ВИДЕО: УКМК эки салык кызматкерин пара менен кармады