Сүрөт: Асман шаары 2123-жылы ачылабы?

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсуланы 30-июнда салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Капсула салуу аземиндеги анын тактайчасындагы жазууда бир сандан кат кеткен. Тактап айтканда 0 деген сандын ордуна 1 саны жазылып калган. Ошондо бул шаар жүз жыл салынып калабы же атайын кылынган нерсеби айтор, белгисиз.

Эске салсак, аталган шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Аянты 4 миң гектарды түзөт.

Тыштан келген инверсторлор сала турган Асман эко-шаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат. Заманбап Асман экологиялык таза шаарын 7-10 жылда куруп бүткөрүү пландалууда.

19c18ef9 dde5 43ef ac95 e1261941a323 Сүрөт: Асман шаары 2123-жылы ачылабы?