Жаранды аткан испекторго чыккан өкүм өзгөртүлдү

Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы социалдык иштер башкармалыгынын кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн Чыңгыз Абдраевдин иши боюнча өкүм чыгарды. Жакупбек Дуулатбек уулу адам өлтүрүүгө, ал эми УПКнын инспекторлору Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Базаркул уулу Эламан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.

Соттук коллегия УПКнын мурдагы милиция кызматкери Жакупбек Дуулатбек уулуна карата биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөрттү. Ал камакта отурган бир күн эки күн болуп эсептелген.

Калган бөлүгүндө жана башка айыпталуучуларга карата сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Адвокат Бакыт Арыков мындай өкүмгө жабырлануучулар макул эместигин билдирди.

“Биз Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Эламан Базаркул уулуна карата өкүмдү өзгөртүүнү сурандык. Тактап айтканда, пробациялык көзөмөлдү алып салууну өтүндүк. Бирок сот аларга карата чыгарылган чечимди күчүндө калтырды”, — деди Арыков.

Белгилей кетсек, Бишкектин Свердлов райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу Дуулатбек уулу Жакупбекти күнөөлүү деп таап, 20 жылга, ал эми Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Базаркул уулу Эламандын ар бирин беш жылдан эркинен ажыратууну суранган. Бирок Дуулатбек уулу “Адам өлтүрүү жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылган.

Калган үч айыпталуучу Свердлов райондук соту тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылып, жети жыл алты айга эркинен ажыратылган, бирок алардын ар бири үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуу менен камактан бошотулган.

Эске салсак, Чыңгыз Абдраев 2021-жылдын 27-августунда кечинде Жибек Жолу проспектисиндеги мечиттин жанында өлтүрүлгөн. Социалдык тармактарга тараган видеодо патрулчу тапанчасын алып чыгып, Абдраевге ок атканын көрүүгө болот.

chabdraev Жаранды аткан испекторго чыккан өкүм өзгөртүлдү