Өлкө башчы: Ысык-Көл Баткен облусунда болгондо, сөзсүз Асманды ал жерге курмакпыз

Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу ар бир кыргызстандыкка пайда алып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жаңы курула турчу шаарга капсула салуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, айрым алысты көрө албаган жарандар эмне үчүн Баткенде Асман шаары курулбай жатканына, ошондой эле эмне үчүн бардык долбоорлор Ысык-Көлдө ишке ашып жатканына нааразы.

«Эгерде Ысык-Көл Баткен облусунда болгондо сөзсүз Асманды ал жерге курмакпыз. Инвесторлор да мындай курулуш учурунда өздөрүнө ыңгайлуу курорттук аймакты тандашат. Эң негизгиси бул шаар кайсы жерде болбосун Кыргызстандын бардык элине пайда алып келет. Ал Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн локомотивине айланат. Мисалы, Кумтөр Ысык-Көлдө жайгашкан, андан түшкөн пайда республиканын бюджетине түшөт жана ар бир кыргызстандык 30 жылдан бери пайдаланып келет. Ошол сыяктуу эле бул шаар бардык кыргызстандыктар үчүн пайдалуу болот. Ошондуктан алысты көрө билип, Кыргызстандын келечегин ойлош керек. Кудай буюрса, өлкөнүн түштүгүнө дагы ушундай шаарды курабыз», – деди ал.