Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Асман” эко-шаарынын курулушуна капсула салынат.
ИИМден билдиришкендей, ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында иш-чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан 1000ден ашык милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда.
“Асман” эко-шаардын курулушунун максаты заманбап экологиялык таза шаар куруу, туризмди өнүктүрүү болуп саналат.
![whatsapp image 2023 06 30 at 10.52.11 1200x630 1 “Асман” шаарына капсула салуу: миңден ашык милиционер иш алып барууда](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/06/whatsapp-image-2023-06-30-at-10.52.11-1200x630-1.jpeg)