Айдоочу жөө өтмөктөн пенсионерди өлтүрө сүзүп кетти

Бишкектеги Жибек-Жолу — Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө өтмөктөн пенсионерди өлтүрө сүзүп кетти.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Hyundai Santa Fe автоунаасын 1993-жылкы айдоочу башкарып бараткан. Кырсыктан окуя болгон жерде алган жарааттан улам 1948-жылы туулган эркек киши каза болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө, унаа айып короосуна токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежесин так сактоого чакырат.