Тамерлан Ибраимов: Садыр Жапаровдо реформаларды жасоого убакыты аз калды

Коңшу Казакстан мамлекетинде болгон башаламандыктар баалардын өсүшүнүн натыйжасында Кыргызстанда да кайталанышы мүмкүнбү деген BULAK.KG маалымат порталынын суроосуна саясат талдоочу Тамерлан Ибраимов жооп берди.

«Чындыгында Казакстандагы кандуу окуялардын башында суюлтулган газдын баасынын көтөрүлүшү болду. Бирок андан башка да бир топ себептердин топтоло беришинен улам, митингдердин масштабы өсүп отуруп, социалдык жарылууга алып келди.  

Көп жылдан бери бийликте турган башкаруучу үй-бүлөнүн уурулугунан жана коррупциясынан тажаган элдин көтөрүлүшү болду. Андан сырткары көпкө созулган, өлүмгө толгон пандемияда эл коркунучка жана депрессияга туш болуп, мамлекет тарабынан колдоону сезбей калган.

Албетте бийлик экиге бөлүнүп турганда таасири, эффективдүүлүгү аз болгон мамлекеттик аппаратты айтсак болот. Анда президент “Элбасы” тарабынан көзөмөлү жок ашыкча бир да кадам жасай алчу эмес. Казак коомунда акыркы эки жыл ичинде социалдык маанай төмөндөп отуруп, акыркы 10 жылды алсак, эң ылдыйкы көрсөткүчкө келип калган. Буга байланыштуу көчкүгө окшоп төгүлгөн тополоң үчүн, кичинекей бир эле учкун жетпей турган.

Кыргызстандагы экономикалык абалга жакшы деп баа берүүгө болбойт. Акыркы эки жыл ичинде баалардын көтөрүлгөнү үчүн, элдин жашоо деңгээли төмөндөп кетти. Эки жыл мурун азыркы миң сомго көбүрөөк азык-түлүк сатып алганга мүмкүнчүлүк бар эле. Азыр кедейлердин саны өсүп, мамлекет реформаларды жасоодо өз чеберчилигин көрсөтө албай жатат.

Бирок, менимче азыр коомдогу социалдык маанай анчейин төмөндөп кете элек. Себеби, адамдар бийликтен дагы да реформаларды күтүп, жашоонун жакшырып кетишине үмүт артууда. Ошол эле учурда, бийликте же Садыр Жапаровдо реформаларды жасап калууга убакыты азайып баратат.

Кайсы бир тармактарда бийлик аракеттерин кылып жаткандай, бирок кадр саясатынын башаламандыгы жана билимсиз адамдардан улам алдыга жылышы өтө жай жүрүүдө же таптактыр ордунда эле тургандай туюлат.

Азыркы бийликтин жакшы жагы – коомдун маанайына өз убагында туура мамиле кылып жатканы деп айта алам. Коомго жооп берип, аны менен байланышта болбосо бийликке болгон элдин ишеними төмөндөп кетери шексиз. Кыргызстанда кайсы бир деңгээлде бар болгон демократия жана эркиндикти сүйүү сапаттар бийликке жардамын гана берет. Мындай өзгөчөлүктөрдү басмырлабай тескерисинче баалаш керек.

2022-жыл чыныгы жыйынтыктардын жылы болуп, убадаланган эмес, реалдуу инфраструктуралык долбоорлор, завод, фабрика жана ГЭСтер керек. Укук коргоо органдарында, бажыда жана башка мамлекеттик мекемелерде шоу-роликтердин жардамы менен эмес, реалдуу түрдө коррупцияны жоготуш керек. Берилген убадалар ишке ашып жатканын көрсөтүү зарыл. Эгер бул иштер аткарылбаса коомдогу нааразылык маанайы Казакстандагыдан да эрте пайда болушу мүмкүн.

Келе жаткан жаз айларында, кандайдыр бир социалдык толкундоолордун болушун күтпөйм. Жогоруда айтып өткөндөй эле бийликте азыр эл тарабынан ишеними бар. Көп ката кетире баштай турган болсо, бардыгы аз убакытта өзгөрүп кетиши ыктымал”, – деп Тамерлан Ибаримов оюн билдирди.