Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатып жаткан жаран кармалды

2022-жылдын 17-январь күнү Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө Атай айыл аймагынын 1974-ж.т. К.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 15-январь түнү мал сарайынан бир баш кара малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген.

1 6 Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатып жаткан жаран кармалды

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Тогуз-Торо РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Тогуз-Торо РИИБдин жана Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 17-январь күнү Бишкек шаарынын Ош базарында уурдалган малдын этин сатып жүргөн жеринен Тогуз-Торо районунун 1995-ж.т. тургуну М.Б. кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Б. 16-январь күнү дагы бир Тогуз-Торо районунун 1995-ж.т. Ж.М. аттуу кылмыштуу шериги менен биргеликте бир баш уйду уурдап келишип, союп, эттерин мүшөктөргө салып, Бишкек шаарына алып кеткендиги такталган жана тиешелүү далил буюмдар табылган.

Тогуз-Торо районунда адвокат жоктугуна байланыштуу кармалган жарандар үй камагына алынган. Учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун тактоо менен бирге тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

2 4 Тогуз-Тородон мал уурдап, этин Бишкекте сатып жаткан жаран кармалды

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы