Таласта тогуз уй, 26 баш кой уурдагандар кармалды

Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас РИИБне 31-июлда Талас районунун Талды-Булак жана башка айылдарынан 6 жаран арыз жазышкан.
Алар 2023-жылдын июнь жана июль айларынын ичинде жалпысынан 9 баш уй жана 26 баш койлорун белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча кайрылган.


“Ал фактылар баары кылмыштардын бирдиктуу реестрине катталып, КРнын 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Талас РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык иш сапарлар уюштурушуп, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Талас райондук жана облустук кылмыш иликтөө кызматы тарабынан, ыкчам иш алып барууларынын негизинде кылмыштардын бети ачылып, шектүүлөр кармалган. Аталган кылмыш иши боюнча Талас облусунун Талас районунун жана Айтматов районунун 26 жаштагы жарандары экендиги аныкталды. А.И., Т.А., Т уулу Б. ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, – деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

cbee2b50 6cd9 40de b4cb e60a244c1f33 Таласта тогуз уй, 26 баш кой уурдагандар кармалды
dfe2e0b3 7f6f 4da8 a536 da28e136b830 Таласта тогуз уй, 26 баш кой уурдагандар кармалды