Чүйдө мал уурулук менен алектенгендер кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин ыкчам иштеринин натыйжасында мурда соттолгон адамдардан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Булар Чүй облусунун аймагында мал уурулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү жарандар жөнүндө маалымат топтолуп, кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлдү.


Маалыматта айтылгандай, жогорудагы кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин мүмкүн болуучу кесепеттерин жана ачык коркунучун эске алуу менен ИИМдин КИИБдин 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери иликтөө иштерин тез арада жүргүзө башташкан. Кармоо операциясы ушул жылдын июнь айынын аягында жүргүзүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкүсүн Чүй облусунун Беловодское айылына жакын жерде шектүүлөр бара жаткан “Merсedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү кичи автобус токтотулган.


Текшерүү учурунда унаанын арткы бөлүгүнөн бээ кулуну менен табылган.
Төмөндөгүлөр кылмышка шектүү катары кармалган:

  • 1995-жылы туулган жаран Ж.Ш., Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну;
  • 1986-жылы туулган жаран М.А., Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну.
    Алынган маалыматтар боюнча, жылкыларды Москва районунун аймагынан уурдап келе жатышкан. Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
    Мындан тышкары, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мал уурулук боюнча дагы бир кылмыштын бети ачылды.

  • Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун 2023-жылдын 24-июнунда Жаңы-Жер айылында малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Маалым болгондой, уурулар бир бээни кулуну менен уурдап кетишкен. Жабырлануучуга 125 миң сомдон ашык чыгым келтирилген.
    Кылмыш ишинин алкагында кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
    2023-жылдын 7-июлунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну, 1995-жылы туулган жаран М.С. кармалган. Ал Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жашап келген жана мурда мал уурулук менен соттолгон.
    Милиция кызматкерлери уурдалган кулунду таап, жабырлануучуга өткөрүп беришкен. Маалым болгондой, кармалган жаран бээни союп, этин сатып жиберген. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди”
    , – деп айтылат билдирүүдө.
    Учурда жогорудагы фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
1d851ee5 06e2 4041 a0bd 71f8597d0077 Чүйдө мал уурулук менен алектенгендер кармалды
e4f58cf5 cc87 4e16 aceb d28c2c0043f6 Чүйдө мал уурулук менен алектенгендер кармалды
d3104f8e 5b43 4088 b353 8d02a3885118 Чүйдө мал уурулук менен алектенгендер кармалды
6c83af8d b8f1 4c37 a1ca 94f9fae3e85b Чүйдө мал уурулук менен алектенгендер кармалды
355d9571 215e 4374 bc12 f7c16e47193b Чүйдө мал уурулук менен алектенгендер кармалды