Кыргызстанга бир катар 12 өлкөнүн лидерлери келет

Күзүндө Кыргызстанга бир катар чет элкөлөрдүн лидерлери келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 атайын техникаларды тапшыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, октябрда Бишкекте жогорку жана эң жогорку деңгээлде бир нече ири эл аралык иш-чаралар өтөт.

“Анда Кыргызстанга 12 мамлекеттин башчылары келет”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын алкагында октябрь айында КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин, КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жана КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүү пландалууда.

669efcd2 298c 4058 bcaa 1f4e1017cc6b Кыргызстанга бир катар 12 өлкөнүн лидерлери келет