Кадамжайда мал уурдоого аракеттенген жарандар кармалды

Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кадамжай районунун аймагында мал уурдоого аракеттенген жарандарды кармашкан

.
БМЖКККнын кызматкерлерине «А» жана «Ү» аттуу жарандар Баткен облусунун Кадамжай районунда мал уурдоого бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


“Алынган маалыматтын алкагында КР ИИМдин БМЖКККнын жана Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2023-жылдын 30-июль күнү Кызыл-Кыя-Ош унаа жолунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаа токтотулуп, ичиндеги уурдалган 3 баш уй жана 3 жылкы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кадамжай РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (Уурдоо) 205-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Баткен районунун эки тургуну 1992-жылы туулган Н.А. жана 1989-ж.т. М.У. кармалып, Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.

e88f5c02 3078 400d b92c 18725f70b007 Кадамжайда мал уурдоого аракеттенген жарандар кармалды
c9e328c1 b127 4456 8407 b9183bac0cc3 Кадамжайда мал уурдоого аракеттенген жарандар кармалды
fa657e42 ab54 4a7d 982e beffaf569196 Кадамжайда мал уурдоого аракеттенген жарандар кармалды
a3506183 c839 42cd 9266 0d95dd988b3d Кадамжайда мал уурдоого аракеттенген жарандар кармалды