Парламентке журналисттерди аккредитациялоо башталды

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, парламенттин ишмердүүлүгүн бейтарап, ыкчам чагылдыруу максатында журналисттердин ишин уюштуруу үчүн Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү аккредиттөөнүн башталгандыгын жарыялайт.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, документтер 2023-жылдын 31-августуна чейин кабыл алынат. Журналисттерди аккредиттөө атайын тиркеме аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт.

Аккредиттөө үчүн төмөндөгү шилтемеге өтүңүз: press.kenesh.kg

Аккредиттөө эрежеси менен төмөндөгү шилтеме аркылуу таанышууга болот: http://www.kenesh.kg/ru/article/show/10035/pravila-akkreditatsii-zhurnalistov-sredstv-massovoy-informatsii-v-zhogorku-keneshe-kirgizskoy-respubliki

Маалымат үчүн: 63-92-00, 63 – 85-65