Эдиль Байсалов оорукананы “шыпаакана” деп атаган

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 19-январдагы жыйында оорукананы, “шыпаакана” деп атаган видеосу бүгүн, 20-январда социалдык тармакка тарады.

Ал үзүндү видеодо, Байсаловдун «шыпаакана»- деп айтып жатканын угууга болот.

“Буюрса, Алымкадыр Савирдиновичтин да ошондой программасы  да бар. Томограф, гемиодиализ аппараттарын ошондой “ключевой ” ооруканаларга, “шыпааканаларга” жайгаштыруу боюнча пландар бар” – деген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге “оорукананы, шыпаакана” деп атоонуу сунуштаган.