Алматыда Элмирбек Иманалиевдин китебинин бет ачары болду

Казакстанда Кыргызстандын Эл артисти, төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде чыккан «Аманат» аттуу китебинин бет ачары болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара Алматы шаарындагы Улуттук китепканада өтүп, ага маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, Кыргызстандын Эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргызстандын эл акындары Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат Абдрашитова, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты Сулайман Кайыпов баштаган кыргыздын маданият ишмерлери жана казак элинин белгилүү акын-жазуучулары, төкмө акындары катышты.

Алар Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгы, эки элдин маданий байланышы тууралуу сөз сүйлөп, маркумду эскеришти.

Элмирбек Иманалиевдин китебин казак тилине белгилүү казак төкмө акыны, филология илимдеринин кандидаты Айбек Калиев которгон.

«Элмирбек Иманалиев төкмө акын жана обончу катары буга чейин эки элге бирдей белгилүү болуп келген болсо, эми мындан ары анын калемине таандык керемет поэзия саптары казак окурмандарына да жетип, анын көп кырдуу өнөрүнүн дагы бир өңүтү ачылууда. Китептин бет ачарында Элмирбек Иманалиевдин ырлары көркөм окулуп, кыргыз-казак акындары Элмирбек Иманалиевди төгүп ырдап эскеришсе, белгилүү казак-кыргыз ырчылары Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларынан ырдашты», — деп билдирет министрлик.