Жанар Акаев “Ихсандын” жетекчисин бошотууну суранды

Депутат Жанар Акаев “Ихсан Групп” ишканасынын жетекчиси Акинай Бекмурзаеваны бошотууну бүгүн, 30-ноябрда парламенттин жыйынында сунуштады. 

“Кооперативдин жетекчисин СИЗО-1ге барганда көрдүк. Мен аны ак же ак эмес деп айта албайм. Аны сот аныктайт. Бирок ал Бишкектен жер тилке алып, курулуш иштерин баштаганын айтты. Анын айтымында, эгер ал абакта отурса, Ихсанга акча берген миңдей адам үйсүз калат. Акинай Бекмурзаевга бир мүмкүнчүлүк бербейсиңерби. Чет өлкөгө чыкпайсын, жарандарга убадалаган үйлөрдү бүтүп бересиң деп талап коюп, абактан бошотпойсуңарбы. Албетте, сот ишине кийлигише албайбыз. “Ихсанга” Москвадан эле 171 адам акча салган экен. Мындай жарандар Кыргызстанда миңдеп саналат”, – деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев муну прокуратура менен сот чечиши керек деп жооп берди.