Эл акыны Элмирбек Иманалиев эскерилип, китеби жарык көрдү

Улуттук тарых музейинде 20-апрелде КРнын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум, булбулум ай» аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жогорку Кеңештин депуттары Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов, Түгөлбай Казаков баштаган бир катар көрүнүктүү инсандар, Элмирбек Иманалиевдин бир туугандары, достору, күйөрмандары катышышты.

342521905 893409721720753 3200268657988604406 n Эл акыны Элмирбек Иманалиев эскерилип, китеби жарык көрдү
342212450 1277343459823655 7257247665280150915 n Эл акыны Элмирбек Иманалиев эскерилип, китеби жарык көрдү

Сүйүнбек Касмамбетов Элмирбек Иманалиевдин талантын, кыргыз маданиятына кошкон салымын, анын адамдык бийиктигине токтолуп, “Элмирбек Иманалиев 100 жылда бир жаралган улуу таланттын ээси болгон. Анын талантын баалаган инсандар бүгүн мына залга батпай чогулуп турушат. Элмирбектин элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бек сакталат. Анын чыгармалары түбөлүктүү” деди.

Ал эми маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын жыйнак кылып чыгарып жаткан анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана шакирттерине ыраазычылыгын айтты.

Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум, булбулум ай» аттуу обондуу ырлар жыйнагы анын үй-бүлөсүнүн демилгеси менен КРнын эл артисти Нурлан Нышанов түзүп, аны КРнын эл артисти Атайбек Бөдөшов нотага түшүргөн.

Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиева менен уулу Адылхан Калилов атасын эскеришти. 

Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

342512497 2323523664486781 5426772768210000108 n Эл акыны Элмирбек Иманалиев эскерилип, китеби жарык көрдү
342214058 1081699295942272 826723262724688475 n Эл акыны Элмирбек Иманалиев эскерилип, китеби жарык көрдү