Жумгалда тергөөчү кызматынан четтетилди

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, милициянын улук-лейтенанты «Т.Т.Т.» кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жумгал районунун ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, милициянын улук-лейтенанты «Т.Т.Т.» КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүмү (Алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен жеке материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жумгал районунун тургуну Ж.Б.А.га карата эч кандай негизсиз тергөө иш-чаралары мыйзамсыз жүргүзгөн, анын ичинде физикалык күч колдонуу жолу менен психологиялык кысым көрсөтүлгөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруу учурунда, 05.05.2022-ж. кылмыш иштин Кылмыш-жаза кодексинин 209-берененин 1-бөлүгүнө ылайык улук тергөөчү суракка иш жүзүндө кылмыштын башка субъектисине карата чакырган, ал иш болсо 205-беренесинин 1- бөлүгүндө каралган кылмыштардын негизинде, тактап айтканда, «Кыргызтелеком» ААК кабелди уурдоо фактысы боюнча жана кылмыш курамынын жоктугунан улам 2022-жылдын 31-майында токтотулгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык жасалмачылык) жана Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-п, 2-п (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин алкагында Нарын шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү милициянын улук-лейтенанты «Т.Т.Т.» ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди.

Азыркы учурда УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.