“100 миң сом пара алып жаткан”: Сокулуктун тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Бул туурасында УКМК маалымат таратты.

Маалыматка караганда, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. “Чүй облусунун Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. КР М.Д.О. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду. Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

    
8b275397 7924 4871 ac94 8a67d68c7ee6 "100 миң сом пара алып жаткан": Сокулуктун тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды
WhatsApp Image 2023 04 18 at 14.36.24 "100 миң сом пара алып жаткан": Сокулуктун тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды
ae85f971 6038 43a5 9dcc aba2dae7a3aa "100 миң сом пара алып жаткан": Сокулуктун тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды
18ae96d6 7ec7 43a2 ac9e 7cc3e8d84fc1 "100 миң сом пара алып жаткан": Сокулуктун тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды