Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду.
![1 3 Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/1-3-1200x792.jpg)
Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.
![esker 540x360 1 Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/esker-540x360-1.jpg)
![2 2 Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/2-2-1200x855.jpg)