Митинг -“Эки дос эсиңе кел”: Кемпир-Абад, сөз эркиндиги, массалык камоолор

Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясын эскерүү максатында митинг болду.

Митингдин катышуучулары массалык камалгандардын чыгарылышы, сөз эркиндигине болгон басымдуулук өлкөдө күч алып жатканына байланыштуу митингге чыгышты.

“Адилеттүүлүк үчүн биз шайтан жолуна түшүп кетпей, ыйык Орозо айында кечиримдүү бололу. Акыйкаттыкты тилеп, президентибиз туура чечим чыгарат деп ойлойбуз”, – дешет митингчилер. Алардын арасынла Клара Сооронкулованын эжеси Мира Сооронкулова да бар. ал өз сөзүндө сиңдиси ным жерде жатып, абалы абдан начар экендигин айтып, операция болгондугун айтып, отура-тура албай жатканын билдирди.

Митингде ар ким өз ойлорун айтып, активисттерди чыгарууну суранышты. Бул митингдин максаты камалгандардын үй-бүлөсүнө, алардын ден соолугуна келтирип жаткан зыяндар, мыйзамсыз камалгандардын психилогиялык жактан жабыркап жатканын айтышты.

Алар колдоруна: “Эки дос эсиңе кел!”, ” Бекназаровго боштондук”, “Мекенди сүйүү кылмыш эмес”, “Укук коргоочуларга эркиндик” жана башка плакаттарды алып чыгышты.