Кадамжайда чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды

  Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта, Баткен облус аймагында жүргүзүлгөн “Нелегал” иш-чарасынын алкагында Кадамжай РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстан Республикасынын 51 жаштагы тургуну К.Шны аныктап кармаганы айтылат. 
"Анткени бул жаран Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, кыргыз өлкөсүндө жашап, иштеп жүргөндүгү аныкталган.     

Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү), 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.