Жогорку Кеңештин депутаттары 22-31-мартта шайлоочулар менен жолугат

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарды кыдырат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эл өкүлдөрү 22-31-март аралыгында аймактарда шайлоочулар менен иш алып барышат.

Мындай чечим 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынып, бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому жактырылды.