Эки баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды, – видео

Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында айдоочу эки баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.

Чүй аймагынын Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 8-март күнү саат 20:00дө Фрунзе жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу 2012 жана 2017-жылдары төрөлгөн бир тууганы менен эжесин сүзүп кеткен. Жабыркагандар Сокулук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Унаа менен качып кеткен шектүү адам кармалды. Ал 1985-жылы төрөлгөн К.А.В. болуп чыкты. “ВАЗ-21120” автоунаасына айып төлөөчү жайга коюлду.

1703632.003d626f7c91f7e4a0a5c3414846c8d1 Эки баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды, - видео
1703627.8c6e26e58dd01ea5ea26f634eb8242d1 Эки баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды, - видео