“Колунда толо акча”: Жаран кайгуулчулардын көзүнчө унаасын өрттөөгө аракет кылган

Бишкекте жаран жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлердин көзүнчө унаасын өрттөөгө аракет кылган. Окуянын видеосу Кайгуул кызматынын Instagram баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Toyota Aristо айдоочусу алдыңкы айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн токтотулган.

Кызматкерлер айдоочуга протокол түзүп, мыйзамсыз тонировканы алып салууну талап кылышкан. Видеодогу жаран айып пулду төлөөгө даяр экенин айтып, бирок тонировканы алуудан баш тарткан. Кийин ал кайтып келип, белгисиз суюктуку унаасына чача баштаган.

Ал эми Toyota Aristo айдоочусу өзүнүн Instagram баракчасына кызматкер аны атайылап ушундай жүрүм-турумга түрткөнүн билдирген.