Бишкекте «Наристе» фольклордук фестивалы башталды

Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Наристе” III Эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Мэриянын маалыматына караганда, мэр Эмилбек Абдыкадыров катышуучуларды фестивалдын ачылышы жана Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

«Сиздерди 1-июнь балдардын Эл аралык күнү жана «Наристе» III — Эл аралык фольклордук фестивалынын биздин күнөстүү жана меймандос борбор шаарыбыз – Бишкекте ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында өтүп жаткан «Наристе» фестивалынын программасы өтө кызыктуу жана мазмундуу, баарыңыздарды жылуу жана кубанычтуу жолугушуулар, жаңы ачылыштар, жаңы ысымдар күтүүдө. Өз кезегинде биз анын жогорку деңгээлде өтүшүнө бардык шарттарды, жагымдуу жагдайларды түзүү менен бардык аракетибизди жумшайбыз»,- деди мэр.

Ири масштабдагы салтанаттуу иш-чарага Индия, Казакстан, Монголия, Санкт-Петербург, Тыва Республикасы, Башкортостан, Саха Республикасынан келген өкүлдөр жана Кыргызстандын 7 облусунан келген I Дельфий ачык оюндарынын жеңүүчүлөрү катышты.

Фестивалдын катышуучулары концерттик программа уюштурду.

Эске салсак, фестивалдын алкагында республикабыздын жана борбор калаанын конокторунун фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин концерти, мектептерде чыгармачылык жолугушуулар, мастер-класстар, илимий-практикалык конференция, маданий жана элдик прикладдык искусство жаатындагы инновациялык долбоорлордун бет ачар аземи өткөрүлөт.

Мындан тышкары, фестивалдын катышуучулары үчүн шаардын тарыхый-маданий объектилерине жана Ысык-Көлгө экскурсия уюштурулат.

bek 3381 Бишкекте «Наристе» фольклордук фестивалы башталды
bek 3077 1200x630 1 Бишкекте «Наристе» фольклордук фестивалы башталды
bek 3301 Бишкекте «Наристе» фольклордук фестивалы башталды
bek 3166 Бишкекте «Наристе» фольклордук фестивалы башталды